Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү бир орунга, жайга баруу, белгилүү бир жерге келүү. Чуу чыккан жерге элден мурун жетет (Байтемиров). Өзүлөрүнүн участогунун чет жагына жетип токтой калды (Байтемиров). 2. Жетиштүү болуу, кемип калбоо, толук болуу. Кара нан жетпей ич ооруп, Турмушу кетти тарыга (Токтогул). Бир сыйра жеткенде, кымыз серке чаначтын колуна дейре түшө түштү (Сыдыкбеков). || Жеткиликтүү болуу. Мага ушул айткандарың эле жетет, калганын жөн эле кой («Ала-Тоо»). 3. Белгилүү бир куракка, жашка келүү. Мен Байымбет акынга, Карылык жетип асылды (Тоголок Молдо). Сиздин жашыңызга жетсек жаштардан сый көрөрбүз (Сыдыкбеков). || Белгилүү бир сан чегине келүү. Коюбуз 32 миңге жетти, – деди Курман (Убукеев). 4. Бир нерсенин учуру, убактысы келүү, маалы болуу. Тубар койлор желиндеп, Туур маалы жеткенде (Осмонкул). Күн жетти, мына эми жеңиш бизде (Нуркамал). || Белгилүү бир чекке чейин келүү, жетигүү. Камка үстүндөгү эскилиги жеткен чапанынын чөнтөгүнө колун салды (Сыдыкбеков). Арыктыгы жеткен соң, Ак себептен баспады (Тоголок Молдо). 5. Анык, абдан даана болуу, акырына чейин чыгуу. Жеңемдин сөзүнүн көпчүлүгүнө жете түшүнө албасам да ордуман тура калдым. Акылсыз адам көп чыгат, Өткөн ишти кектеген, Акырына жетпеген (Токтогул). 6. Тилеги, максаты, ойлогон ою ж. б. ордунан чыгуу, орундоо. Ал тилекке жеттик, кирдик окууга (Токомбаев). Эсен барсам элиме, Тилегиме жетемин (Токтогул). 7. Кандайдыр бир нерсеге, буюмга ж. б. ээ болуу. Көптөн көксөгөн буюмуна жетти. 8. Бир нерсени аткарууга, орундоого мүмкүнчүлүгү болуу, күчү келүү, орундай алуу, аткара алуу, колунан келүү. Алы жеткен оокатына каралашып турду (Токтогул). Чабышып чама жеткисиз, Кызыталак Төштүккө, Чарпышкан аман кежисиз («Эр Төштүк»). || Кадырлоо, сыйлоо, баалай. алуу сыяктуу мүмкүндүгү болуу. Карын бөлө болсо да, Кадырыма жетпесе, Көрүнөйүн көзүнө! («Семетей»). Бабабыз черткен бул комуз, Баркына жетип ырдайлы (Баялинов).